Наристеңиз төрөлгөндөн баштап эле китепке кызыгуусу күчтүү болот. Чогуу китеп окуу, ага китеп окуп берүү, китептеги сүрөттөрдү аты менен атоо, наристеңиздин жетилишине эң сонун таасир берет.

Балакомдун алгачкы долбоору “Менин алгачкы кыргызча-англисче 100 сөзүм” атту китеп болду. Бул китеп замандын талабына ылайык кыргыз тили менен дароо англис тилин да өздөштүрүүсүнө шарт түзөт. Кооз сүрөттөр менен бирге кыргызча, англисче жазылышы жана кыргыз тамгалары менен англисче окулушу чет тилин өздөштүргөнгө чоң жардамчы болот.

Кичинесинен эле телофондун, сыналгынын экрандарынан сырткары китептерден дагы кооз сүрөттөрдү көрсө болоорун билген балдар, ар түрдүү китептерге кызыгуусу артып, кийин дагы китеп окуу кадимкидей эле адат болуп калат.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *