Кичинекей жана чоң окурмандар, сүйүнчү!

Биздин бөбөктөргө арналган 10 чөнтөк китептен турган “Менин кыргызча-англисче чөнтөк китептерим” аттуу жыйнагыбыз жарык көрдү. Бул жыйнак – Спорттун түрлөрү, Үй жаныбарлары, Жашылчалар, Фигуралар, Түстөр, Жапайы жаныбарлар, Кесиптер, Аба ырайы жана мезгилдер, Унаалар жана Мөмө-жемиштер деген 10 түрдүү тармакты, жалпысынан 100дөн ашык кыргызча жана 100дөн ашык англисче сөз камтыйт.

Адаттагыдай, жогорку сапаттагы катуу барактары, балдардын көңүлүн өзүнө тарткан кооз сүрөттөрү, күнүмдүк жашоодо эң көп колдонулчу сөздөр колдонулду.

Бул 10 чөнтөк китептин пайдалары:

  • 100дөн ашык кыргызча сөз
  • 100дөн ашык англисче сөз
  • Англис тилин үйрөнүп баштайт
  • Китеп окуганга кызыгуусу артат
  • Ар дайым китебин жанына ала жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот
  • Чыгармачылыгы жогорулайт
  • Телефон, телевизордон алыстайт

“Менин кыргызча-англисче чөнтөк китептерим” жыйнагын сатып алуу үчүн бизге инстаграмдан @balakom.kg баракчасына жазсаңыз болот.

Китепти алуу үчүн бизге кайсыл шаар/айылдан жазып жатканыңызды билдирген кат жөнөтүңүз🥰

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *